Ислам шериктештиги оюндары: Азиз Бийхуров кикбокс боюнча коло медаль утту

Кыргызстандык кикбоксчу Азиз Бийхуров Түркияда өткөн Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылат.

Бийхуров кик-бокстун «лоу-кик» түрү боюнча 57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашканы айтылат.

Чүчү-кулакта ал дароо эле жарым финалдан күч сынашууга чыккан жалгыз спортчу болгон. Мында ага дароо коло медалды багындыруу мүмкүнчүнчүлүгү жаралган.

Финалга чыгуу үчүн Бийхуров түркиялык Хатип Эмлек менен беттешти. Бирок, спортчу жеңилгени менен коло медалга татыды. Ошентип, жалпы эсеп боюнча Кыргызстандын куржунуна спорттун 16 түрү боюнча 31 медаль топтолду: 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло.

Кыргызстан турнирге катышып жаткан өлкөлөрдүн арасында медалдык тепкичте 9-орунга чыгып, күчтүү командалардын ондугуна кирди.

Ислам шериктештиги оюндары расмий 18-августта аяктады, мелдеш Түркиянын Конья шаарында өттү.

Чемпионат өзү 10-августта башталган. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышты. Оюнда спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулду. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышты.

Ислам шериктештиги оюндары

Ислам шериктештик оюндары — Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында Ислам спорттук шериктештик уюму (ISSF) тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү дисциплиналар аралык спорттук мелдеш. Оюндар ислам өлкөлөрүндөгү спортчулардын өнүгүүсүн колдоо, спортчулар арасында шериктештикти жана бир туугандыкты жогорулатуу үчүн өткөрүлөт. Мелдешке уюмга мүчө болгон мусулман эмес өлкөлөрдүн да спортчулары катышса болот.

Ислам шериктештик оюндары биринчи жолу Сауд Арабиясынын Жидда шаарында, 2005-жылы өткөрүлгөн. Конья шаарында өтүп жаткан оюн эсеп боюнча бешинчи оюн.

Кийинки шериктештик оюндары 2025-жылы Камерундун Яундэ шаарында өтөт.

Автору: Кайрат Бердишалиев.

Тема боюнча: Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди

Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов алтын медаль тагынды