Ислам шериктештиги оюндары: Денис Петрашов алтын медаль тагынды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин сайтында айтылат.

Спортчу 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүп, 01:00:54 жыйынтыгын көрсөттү.

Бул көрсөткүч Ислам оюндарындагы жаңы рекорд экени маалымдалды. Буга чейинки эң жогорку көрсөткүч 01:01:39 болуп, аны 2017-жылы Баку шаарында өткөн оюндарда түркиялык суучул Демир Атасой орноткон.

Буга чейин 13-14-августта Петрашов 50 жана 200 метрге брасс ыкмасында сүзүү боюнча эки коло медаль алган.

Кыргызстан турнирге катышып жаткан өлкөлөрдүн арасынан командалык эсепте 9-орунга чыкты. Республиканын эсебинде 28 медаль бар.

Ислам шериктештиги оюндарынын расмий ачылышы 9-августта Түркиянын Конья шаарында өткөн. Мелдештин ачылышына Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышкан.

Оюндун ачылышында Кыргызстандын желегин балбан Атабек Азизов жана жеңил атлетчи Айнуска Калил кызы көтөрүп чыккан.

Чемпионат өзү 10-августтан башталган жана 18-августка чейин созулат. Ага дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн төрт миңге жакын спортчу катышууда. Оюнда спорттун 20 түрү боюнча 483 комплект медаль ойнотулуп жатат. Мелдешке 25 кыргыз спортчусу катышууда.

Денис Петрашов

Петрашов — сууда сүзүү боюнча Азиянын 2017-2019-жылдардагы чемпиону. 2020-жылы январда Женевада өткөн CIG Challenge турниринде күмүш медалга ээ болгон.

Ал сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасына лицензия алган алгачкы кыргыз спортчусу. Бирок жарым финалга чыга алган эмес.

Ал буга чейин 2016-жылдагы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.

Ушул жылдын февралында спортчу Атланта шаарында өткөн АКШнын Атланта жээги Конференциясындагы мелдеште 200 ярд аралыкка сүзүү боюнча экинчи орунду жеңип алган. Анда Петрашов АКШнын күчтүү делген университеттик командаларынын көрүнүктүү атаандаштары менен күч сынашып 1:51.89— убактысын көрсөткөн.

Ислам шериктештиги оюндары

Ислам шериктештик оюндары — Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында Ислам спорттук шериктештик уюму (ISSF) тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү дисциплиналар аралык спорттук мелдеш.

Оюндар ислам өлкөлөрүндөгү спортчулардын өнүгүүсүн колдоо, спортчулар арасында шериктештикти жана бир туугандыкты жогорулатуу үчүн өткөрүлөт. Мелдешке уюмга мүчө болгон мусулман эмес өлкөлөрдүн да спортчулары катышса болот.

Ислам шериктештик оюндары биринчи жолу Сауд Арабиясынын Жидда шаарында, 2005-жылы өткөрүлгөн. Конья шаарында өтүп жаткан оюн эсеп боюнча бешинчи оюн.

Дагы окуңуз:

Ислам шериктештиги оюндары: Кыргыз балбандары беш медаль утушту

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова менен Акматалиев алтын медаль утушту

Бир кадр менен: Ислам шериктештиги оюндарынын жеңүүчүлөрү келди

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев.