Жалал-Абад: 26 жаштагы киши 14 жаштагы кызды азгырып, жыныстык катнашка барган деп шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Темир Сыдыкбеков/Azattyk

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 26 жаштагы киши жашы жете элек кызды азгырып, аны менен жыныстык катнашка барган деп шектелип жатат. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Маалыматка караганда, уюмга 69 жаштагы аял кайрылган. Ал 15-июль күнү 14 жаштагы небереси үйүнөн 50 миң сом алып качып кеткенин, аны укук коргоо органдары төрт күндөн кийин Бишкектен тапканын билдирген.

Аял кийинчерээк небереси 26 жаштагы киши менен кеткени белгилүү болгонун айткан. Ошондой эле киши анын жашы жете элек небереси менен жыныстык катнашка барганын, кийинчерээк кишинин туугандары «кыз ага чейин эле башкалар менен жыныстык мамиледе болгон» деген ушак-кептерди таратканын белгилеген.

Ал милицияга арыз жазган, бирок шектүүнү эч жака кетпөө тил каты менен коё беришкен. Ал эми 25-июлда аял Башкы прокурорго жана ИИМдин башчысына арыз жазган. Резонанстан кийин гана шектүүнү камакка алышкан.

Жалал-Абад ОИИБден бул факты боюнча «Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, киши 15-сентябрга чейин камакка алынганы айтылды.

Кыргызстанда 2022-жылдын башынан бери балдарга карата 400дөн ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. ИИМдин маалыматына ылайык, аталган 400 фактынын 55 учуру — бул сексуалдык мүнөздөгү зомбулук.

Катталган 55 сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктун ичинен: 19у зордуктоо, 5и сексуалдык зомбулук көрсөтүү аракети, 23ү жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүү аракети, 8и ыплас аракеттер.

Ошол эле учурда балдарга карата зомбулук фактылары жыл сайын өсүп жатат. Көп учурда иштер сотко жетпейт, себеп дегенде балдарга карата зомбулук учурлары көбүнесе туугандар тарабынан болот.