Бишкек: Жеке мектеп буга чейин окууга барбаган тогуз жашар баланы бекер окууга чакырды

Бишкек шаарындагы жеке мектептердин бири буга чейин окууга барбаган тогуз жаштагы баланы бекер билим алууга чакырды. Бул тууралуу «Балдарды коргоо лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбук барагына жазды.

13-августта Назгүл Турдубекова мектепке бир дагы жолу барбаган тогуз жашар бала тууралуу жазып чыккан. Анда укук коргоочу бала жашаган үйгө барып, жеринен көрүп келген.

«Аны апасы үч айлык кезинде байкесине калтырып кеткен экен. Бала абдан зирек, окууга барайын деген калоосу күч. Анын документтери жок экен. Андай балдар биздин өлкөдө көп деп эсептейм», — деп жазган ал.

Турдубекова Кыргызстанда окууну таштап кеткен балдарды аныктоо системасы начар экенин баса белгилеген. Ал муну үй-бүлөнү коргоо боюнча атайын социалдык кызматкерлердин жоктугу менен түшүндүргөн. Укук коргоочу көйгөйдү чечүү үчүн Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алуу зарыл деп эсептейт.

«Агасы ага жакшы мамиле кылат, бирок ден соолугуна байланыштуу керектүү нерселер, окуу куралдары жана парта менен камсыздай албайт», — деп белгилеген Турдубекова.

Мэрия эмне дейт?

Турдубекованын постунан соң баланын үйнө Бишкектин Биринчи Май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен социалдык маселелер боюнча адиси келип кетишкен.

Бишкек шаардык мэриясы бала апасынын туугандары менен жашаарын белгилешкен. Маалыматка ылайык, баланын апасы Ысык-Көл районунун Чоң-Кызыл-Суу айылынан, атасы ошол эле райондун Барскоон айылында жашайт.

«Агасынын айтымында, 2014-жылдан бери жашы жете элек баланы багып алуу максатында багып келет. 2021-жылы баланын атасы аны мектепке киргизүү максатында Ысык-Көл облусуна алып кеткен. Бирок жашы жете элек бала Чолпон-Ата шаарында жайгашкан реабилитациялык борборго түшкөнү белгилүү болду. Кийинчерээк ал жерден аялы экөө жээнин алып кетишкен», — деп белгилешти мэриядан.

Ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана агасынын паспортунун жоктугунан баланы камкордукка ала албай жатканы белгилүү болду.

Бишкек шаардык мэриясы тогуз жашар баланын иши Биринчи май райондук администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кароосуна жиберилгенин кошумчалды.