«Стереотипти азайтып, укук коргоо». Майыптыгы бар жарандар Ысык-Көлдө жөө жүрүшкө чыгышты

Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарында майыптыгы бар жарандардын жөө жүрүшү өтүп жатат. Иш-чаранын негизги максаты майыптыгы бар жарандарга карата стереотип жана стигманы азайтуу, укуктарынын корголушуна көңүл буруу болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, жүрүш 19-августта башталып, катышуучулар алгачкы күнү 25 чакырымды басып өтүшкөн. Жөө жүрүш 24-августка чейин уланат. Катышуучулар 135 километрди жөө басып өтүп, Каракол шаарына барууну көздөшүүдө.

Иш-чарага беш облустан келген жалпы 21 адам катышууда. Анын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар болору күтүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ош шаарында майыптыгы бар адамдар жана активисттер жөө жүрүш өткөрүшкөн. Акцияга катышкан 20дай киши калаада алар үчүн шарт жок экенин айтып, мэрияга нааразычылыгын билдиришкен болчу.

Чогулгандардын айтымында, шаарда тротуарлардын, атайын пандустардын жоктугунан майыптыгы бар адамдардын көчөдө жүрүшү кыйын. Алар бийлик жолдорду курууда майыптарга шарт түзсө дешет.

Кыргызстанда эң аз дегенде 197 миң адамдын майыптыгы бар. Алар үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Ошондой эле алар иш таба албай, коом тарабынан кабыл алынбай келишет.

2019-жылдын 14-мартында кыргыз бийлиги майыптардын укуктары боюнча Бириккен улуттар уюмунун конвенциясынын ратификациясына кол койгон. Кыргызстан өлкөдө жашаган 200 миңге жакын майыптардын укуктарын сактоого жана коргоого милдеттенме алган. Анткен менен азырынча бул жаатта алгылыктуу иштер аткарыла элек.