Бир кадр менен: Ишкер Журат Абдуллаевдин иш кабинетинен 822 млн сом алынды

УКМК «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевдин иш кабинетин тинтиди. Мамкомитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал жактан УКМКнын кызматкерлери жашыруун бөлмөдө сакталган курал-жарактарды, баңгизаттарды жана акча каражаттады табышкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, жалпысынан Абдуллаевдин кабинетинен 209,164,100 сом, 100,960 евро, 1,055,900 рубль жана 155 дирхам (БАЭ) алынган. Мунун баары сомго которгондо 822 млн сомду түзөт.

Журат Абдуллаевдин кабинетинен табылган каражаттар. Сүрөт: УКМК.

УКМКдан Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги курал-жарактар жана салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизат дагы табылганын билдиришти. Мамлекеттик комитет «Үмүт жана Ко» салык органдарына 10 млн сомдон ашык карыз экенин айтат.

«Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, "Үмүт жана Ко" ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат», — деп белгилешти УКМКдан.

«Үмүт жана Ко» ЖЧКнын негиздөөчүлөрүнүн биринин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Журат Абдуллаевди ок дары, курал-жарактар жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоого шектеп 19-августта кармаган. Ишкердин үйү жана иштеген жеринен чоң сандагы курал-жарак, жарылуучу заттар, ошондой эле пулемёту бар ок өтпөгөн унаа табылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 20-августта Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап, эки айга УКМКнын ТИЗОсуна киргизүү чечимин кабыл алган.