«Паспортторду мыйзамсыз берип жүргөн». Жалал-Абадда калкты тейлөө борборунун кызматкери кармалды

Жалал-Абад шаарында «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын Калкты тейлөө борборунун кызматкери кармалды. Бул тууралуу 23-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан шектүү жашы жете элек балдарга 2021-жылдын үлгүсүндөгү жарандык паспортторду мыйзамсыз берип жүргөн деп белгилешти. Ошондой эле кызматкер системалуу түрдө пара алып турганы айтылды.

«Ал 1000 сомдон 15 000 сомго чейин акча каражаттарын системалуу түрдө алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алган, ошондой эле «ортомчулардын» жардамы менен жашы жете элек баланы Кыргызстандын чегинен тышкары алып чыгууга ата-энесинин биринин атынан жарандык паспортун берүүгө жана алууга укук берген жасалма ишеним каттарды даярдашкан», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Учурда ал «улуттук паспортторду мыйзамсыз берүүгө», «системалуу түрдө пара алууга» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» айыпталып жатат.

Иликтөө иштери улантылууда.