Президент эмне үчүн чекисттер мугалим жана врачтардан биринчи турак жай алып жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров 24-августта Бишкекте УКМКнын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды.

Жапаров иш-чарада эмне үчүн үйлөр биринчи кезекте мугалимдер менен дарыгерлерге эмес, атайын кызматта иштегендерге берилип жатканын түшүндүрдү.


«Коомчулукта ар кандай сөздөр бар. “Эмне үчүн ушул чекисттерге эле бере берет? Квартира дагы, кызматтык имарат дагы. Мугалимдерге, дарыгерлерге бербейби?” деген сөздөр. Биринчиден, өлкөнүн ички-тышкы коопсуздугу камсыз болбосо эч кимге батирдин деле кереги жок. Аны мына дүйнөдө болуп жаткан окуялардан көрүп, билип атабыз. Ошондуктан болгон күчүңөрдү, убактыңарды мамлекеттин ички-тышкы коопсуздугун камсыздоого жумшаса деп биринчи кезекте сиздерди камсыз кылып жатабыз. Ушуну эсиңиздерге алып койушуңуздар керек», — деп келтирет Жапаровдун айткандарын басма сөз кызматы.


Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, президент бийлик «мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин жеңилдетилген турак-жай менен камсыздоого дыкат көңүл бурууну» улантарын дагы кошумчалаган. Ошондой эле ал бир жылдан бери жакшыртылган ипотекалык программа иштеп жатканын, ал жерде үй алууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеген.

Президент катышкан иш-чарада УКМКнын кызматкерлери 306 үй-бүлөөгө ылайыкталган жаңы үйдүн ачкычтарын алышты. Турак-жай 1,5 жылда гана салынып бүткөн. Батирдин бир чарчы метринин баасы 300 долларды түзгөн.

Дагы окуңуз: 27 жыл ичинде бюджеттик жумушчуларга батирлерди кандай бөлүштүрүшкөн?