Иштетилген жана жокко чыгарылган автоунаа номурлары 7,4 млн сомго сатылды

Кыргызстанда автоунаалардын иштетилген жана жокко чыгарылган номурлары 7,4 млн сомго сатылды. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, колдонуудан чыккан номурлар жалпы 74 601 килограммды түзгөн. Аукциондо түстүү металлдын баштапкы баасы 90 сом деп белгиленген.

Анда бир килограмм үчүн 99 сом 36 тыйын сунуштаган адам жеңүүчү деп табылган. Ошентип аукциондон түшкөн каражат 7 млн 412 миң 355 сомду түзөт.

«Сатыктан түшкөн каражат мамлекеттин казынасына өткөрүлөт», – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мекемеден, жокко чыгарылган номурларды мыйзамсыз колдонууга жол бербөө үчүн өлкөнүн желеги түшүрүлгөн бөлүгү алынып салынарын айтышты.

2016-жылдын 1-июнунан баштап Кыргызстанда автоунаалардын жаңы үлгүдөгү номурлары бериле баштаган. Атайын коргоо белгилери күчөтүлгөн номурлар эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылып, тамга менен сандан турат. Ар бир аймактын белгиси 01ден 09га чейинки сан менен көрсөтүлгөн.