Сокулук: Аялын мыкаачылык менен сабоого шектелген киши үй камагына чыгарылды

Чүй облусунун Сокулук райондук соту аялын мыкаачылык менен сабоого шектелген кишини үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттун басма сөз катчысы Байыш Байгазы билдирди.

Анын айтымында, тергөө органдары соттук-медициналык корутундуну көрсөтпөгөндүктөн шектүүнү үй камагына чыгаруу чечими чыккан.

«33 жаштагы айыпталуучунун туруктуу жашаган жери бар экенин эске алуу менен тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагына чыгарылган», — деди ал.

Окуя кандай болгон?

Үстүбүздөгү жылдын 16-августунда 28 жаштагы аял Улуттук госпиталга денесинде оор жаракаттары менен кайрылган. Ал бир күн мурун күйөөсү тарабынан сабалганын айткан.

Бул боюнча Сокулук РИИБи тергөөгө чейинки текшерүүнү баштаган. Ал эми жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун текшерүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Көп өтпөй 18-августта шектүү Орусияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милициядан бул факт боюнча «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө ишин баштаганын кабарлаган.

Кыргызстандагы аялдарга карата зомбулук

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.

Зомбулуктан көбүнчө аял кишилер жабыркайт. Алардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет. Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

Эгерде сиз жолдошуңуздун же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.