ТИМ орус-казак чек арасында сабалган кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги орус-казак чек арасында сабалган кыргызстандыктар боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, Саратов облусунун «Озинки» көзөмөл-өткөрүү пунктуна кезекте турган айдоочулардын ортосунда чыр чыккан.

«Кыргызстандыктар чек араны Ершово айылына жакын жерден кесип өткөндөн кийин жергиликтүү таксисттер алардын жолун тороп, түшүнбөстүктөр орун алган. Алар айдоочуну жана жүргүнчүлөрдү сабап, автоунааны талкалап, материалдык зыян келтиришкен», — деп билдиришти министрликтен.

ТИМден кыргызстандыктардын арасында оор жаракат алгандар жок экенин, баарына медициналык жардам көрсөтүлгөнүн белгилешти.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, милиция шектүүлөрдү кармоо боюнча иш алып барууда.

Кыргызстандыктардын сабалышы тууралуу 23-августта белгилүү болгон. Окуянын күбөлөрү кыргызстандык айдоочулардын жолу торолгонун, аларды сабап унааларынын айнектерин сындырышканын айтышкан.

«Байкенин [айдоочунун] алты жашар кызынын башын жарышкан. Баары ооруканага жеткирилди», — деген ал.