Видео: Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү штурмга алынганына үч жыл болду. Азыр эмне болуп жатат?

Кой-Таш окуяларына үч жыл болду. 2019-жылы 7-августтан 8-августка караган түнү Кыргызстандын ошол кездеги бийлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясын штурмга алган. Ал кезде Атамбаевдин экс-президент макамы алынып, кол тийбестигинен ажыраган болчу. Кой-Таш окуясында бир спецназ каза болуп, 170 адам ар түрдүү жаракат алган.

Окуя кандайча башталганын, анын жүрүшүн жана азыркы тапта эмне болуп жатканын бул видеодон көрсөңүз болот.