Милиция: Активисттин унаасынан табылган зат чыныгы, бирок жараксыз болгон

Активист жана ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан гранатага окшош зат табылган окуяга байланыштуу экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Шаменовдун унаасынан табылган темир буюм РГД-5 гранатасы экени аныкталды. Бирок милициядан ал жараксыз болгонун айтышты.

«Граната заводдо жасалган, ичинде тротил жана тетрил деген жардыргыч заттары бар ок-дары экени аныкталды. Бирок граната колдонууга жараксыз болуп чыкты. Себеби адистер текшерип көргөндө иштеген эмес», — деп айтылат маалыматта.

Милициядан факты боюнча «Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен иш козголуп, тергөө уланып жатканын кошумчалашты.

Ал эми Шаменов «Азаттыкка» бул окуядан кийин коопсуздугуна тынчсызданып жатканын айтып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеке күзөтчү сурап кайрылганын билдирген.

Шаменов укук коргоо органдарынан азырынча жооп ала электигин жана тергөөнүн жүрүшү тууралуу кенен маалымат бере албай турганын белгиледи.

Окуя кандай болгон?

Окуя үстүбүздөгү жылдын 11-августунда саат 13:56да «Азия Молл» соода борборунун жертөлөөсүндөгү унаа жуучу жайда болгон. Анда Илгиз Шаменовдун «Тойота Камри» унаасынын алдынан зым менен чырмалган, жарылуучу зат табылган.

Окуяга байланыштуу милиция кызматкерлери имаратты курчоого алып, адамдарды эвакуациялаган.

Шаменов өзү журналисттерге унаасынын алдынан жардыруучу зат табылганын тастыктаган.

«“Азия Моллдогу” соода борборуна кирейин деп, машинамды унаа жуучу жерге токтотуп койгом. Жууп жатканда билинди, зым салаңдап калыптыр. “Эмне зым” деп айдоочумду жиберсем, “Алдында граната байлануу экен” деп атпайбы. Азыр милиция чакырдык, башка нерсе айта албайм», — деген ал.

Илгиз Шаменов деген ким?

Илгиз Шаменов активист жана жеке ишкер катары белгилүү. Ал мурда Бишкек шаардык кеңешине «Социал-Демократтар» партиясынан депутат болгон.

Акыркы учурда ал соцтүйүндөрдө «Бишкек» эркин экономикалык аймагын жана мекеменин жетекчиси Кудрет Тайчабаровду сындап келет. Ошондой эле ал Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө бир нече жолу каршы чыккан.

Август айынын башында Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген. Шаменовдун айтымында, атайын кызмат анын коррупция тууралуу айткандары боюнча «Бишкек» эркин экономикалык аймагы менен Айыл чарба министрлигин текшермек болгон.