Москвада мекендештерди тоноп жүргөн эки кыргыз жараны кармалды

Орусиянын Москва шаарында мекендештерди уурдап, тоноого шектелген эки кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында шектүүлөр кыргыз жаранын бычак менен коркутуп, уурдап кетишкен.

«Шектүүлөр аны батиринде кармап, ал жактан сабап, 78 000 рубль акчасын алып кетишкен. Эртеси күнү алар жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн тартып алышкан», — деп айтылат маалыматта

Бул факты «Адам уурдоо» жана «Пара талап кылуу» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

23-августта шектүү катары 22 жана 29 жаштагы кыргызстандын эки жараны кармалган. Алардын бири «Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий» катары таанылган.

Милициянын маалыматы боюнча, кармалгандар мурда оор кылмыштары үчүн соттолгон. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.