Аскердик институттун курсанттары кабылган жол кырсыгы боюнча иш козголду

Аскердик институттун курсанттары кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда аскерлер дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жол кырсыгында жабыркагандардын абалы «канааттандырарлык» экени айтылды.

Аларга бардык керектүү дары-дармек берилип, медициналык текшерүүдөн өтүү жана операция өткөрүү үчүн жардам көрсөтүлөт.

27-августта «Ата-Бейит» тарыхый мемориалдык комплексине жакын жерде 25 курсант бараткан унаа кырсыкка кабылган.

Кырсык курсанттар тарыхый мемориалдык комплексте аскердик ант бергенден кийин Бишкекти көздөй жол алышканда катталган.

Техникалык мүчүлүштүктөн улам унаа жол четиндеги даракты сүзгөн. Анын кесепетинен жалпы 21 адам, алардын катарында айдоочу да жабыркаган.

Учурда тергөө уланып жатат.