Орусияга каршы санкциялар. Ксения Собчак чет өлкөдө кыргыз банк картасын колдонду

Орусиялык журналист, блогер Ксения Собчак Парижде кыргыз банк картасынын жардамы менен төлөм жүргүздү. Бул тууралуу өзү Инстаграм барагына жазды.

Ал Galeries Lafayette дүкөнүндө орусиянын паспортунан улам ага чемодан сатуудан баш тартышканын айтты. Ал дүкөндүн башка бөлүмүнө кирип, ойдон чыгарылган атты айтып, Кыргызстандын банк картасы менен төлөгөн.

«Албетте жагымсыз болду, бирок мунун баары жашоодогу майда-барат нерселер. Айланада акылсыздык менен жамандыкка караганда достук, сүйүү, өз ара кызматташуу алда канча көп болду. Эң негизгиси ушул», – деп жазды ал.

Скриншот: Ксения Собчак

Украинадагы согуш жана санкциялар

Орус аскерлери Укрианага кол салган күндөн бери жарым жылдан ашып калды. Орус бийлиги бул аракетин согуш деп атаган жок, Украинаны «демилитаризация» жана «денацификациялоо» максатында уюшулан «атайын операция» деп атап жатат.

Украинага кол салуудан кийин Европа биримдигине кирген өлкөлөр, АКШ жана Улуу Британия Орусияга карата экономикалык санкцияларды салган.