Туалет эле эмес. Баткенде 3 млн сомго эки кабаттуу санитардык-тейлөө комплекси курулуп жатат

Баткен шаарынын мэриясы 3 млн сомго салынып жатат деген ажааткананын курулушу боюнча комментарий берди. 22-августта муниципалитет ажааткананы салууга 3 млн сом жумшаларын айткан болчу.

Ал эми 29-августта мэрия бул жөн гана ажааткана эмес, толук кандуу санитардык-тейлөө комплекси болорун түшүндүрдү. Ал жерде ажаатканадан тышкары душ, кир жуучу жай, химиялык тазалоо жайы, ал тургай чач тарач да болот.

Комплексттин жалпы аянты 144 чарчы метрди түзөт. Ал «Жаштык» паркында жайгашкан.

«Мындай комплексттер, керек болсо химиялык тазалоочу жай буга чейин Баткенде болгон эмес. Баары билишкендей, буга чейин ажаатканалар кадимкидей эле конструкцияда курулчу. Азыр ал заманбап курулуп жатат. Биз муну жакшыртуу жана шаардыктардын өзүн тейлөөнү жана шаардын инфраструктурасын өркүндөтүү деп эсептейбиз», — деп билдирди «Клоопко» мэриянын басма сөз кызматы.

Комплекстин өзү, мэриядан билдиришкендей, жеке ишкер Максатбек Калматовдун эсебинен курулуп жатат.

«Буга чейин тиричилик комплексин куруу үчүн “Эң мыкты долбоор” сынагы жарыяланган. Сынакта жеңген ишкер имарат курулуп бүтүп, пайдаланууга берилген убактан тартып келишимдин негизинде мэрияга ижара акысын төлөп турат», — деп айтышты мэриядан.

Бул комплекстен тышкары «Жеңиш» паркында дагы курулуш баасы 5 млн сомдук ажааткана куруу пландалып жатат. Мэриядан ал Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү фондунун эсебинен куруларын билдиришти. Мэриянын маалыматына ылайык, азырынча фонд курулуштун долбоору боюнча эч кандай маалымат бере элек.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.