УКМК: «Баткен күчү» лотереясынын уюштуруучулары байгелерин өздөрүнө алган

Байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа. Сүрөт: УКМК

Баткен облусунда «Баткен күчү» лотереясынын уюштуруучулары жеңүүчү катары тиешелүү адамдарды тандап, байгелерди өздөрүнө ыйгарып алышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-25 августта УКМКнын жана Баткен облусунун прокуратурасынын кызматкерлери «Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш» беренеси менен шектелгендердин үй жана кеңселеринде тинтүү өткөрүшкөн.

«Тинтүү иштеринин натыйжасында 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынды, ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду», – деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон белгиленгендей, лотереянын ар бир турунда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болуп, 2 800 билет ойнотулган.

Ал эми уюштуруучулар лотереянын жеңүүчүлөрү катары тааныш адамдарды жарыялап, чындыгында байгелерди өздөрүнө алышканы аныкталган. Тергөө иштери уланып жатат.

Буга чейин УКМК Баткенде башка мыйзамсыз лотереяны аныктаган. «Баткен лотереясы» деп аталган лотереянын уюштуруучулары унаа жана кыймылсыз мүлк утту деп жалган жеңүүчүлөрдү жарыялап, бирок аларга эч нерсе беришкен эмес.

УКМКдан бир билеттин баасы 2-3 миң сом болгонун, лотереянын биринчи турунда 2 800 адам катышканын кошумчалашкан.

Басма сөз кызматтан лотереяны мыйзамдуу түрдө уюштуруу үчүн атайын лицензия керектигин белгилешкен.