СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачёв дүйнө салды

СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачёв 30-августта, 91 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык мамлекеттик ТАСС басылмасы Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына таянып жазды.

Ооруканадан Горбачёв «узакка созулган катуу оорудан кийин» дүйнөдөн өткөнүн айтышты.

Михаил Горбачёв 1931-жылы 2-мартта туулган. Ал Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1952-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясына (ССКП, КПСС) мүчө болуп, 1971-жылдан тарта партиянын Борбордук комитетинин (БК) мүчөсү болгон.

1985-жылы Горбачёв ССКПнын БКнын башкы катчылыгына шайланган. Ал ошондой эле СССРдин биринчи жана акыркы президенти катары да белгилүү.

Бул кызматка ал 1991-жылдын мартында шайланып, декабрь айында өзүн ыйгарым укуктардан ажыраткан.

26-декабрда Республикалардын Кеңеши СССРди жоюп, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин түзүү боюнча декларацияны кабыл алган.

Президенттик кызматтан кеткенден кийин Горбачёв коомдук иштер жана адабий чыгармачылык менен алектенген.