Акылбек Жапаров сатылып кеткен 19 тонна алтын тууралуу суроого жооп берди

1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары VII чакырылыштын экинчи сессиясын салтанаттуу түрдө ачышты.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарды сессиянын башталышы менен куттуктап, каалоо-тилегин айтты.

Өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктагандан кийин депутат Шайлообек Атазов жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган 19 тонна алтын «белгисиз» өлкөгө чыгарылып кеткени тууралуу маалыматтын чын-бышыгын сурады.

«Кыска суроого жооп берип койсунчу, “Азаттыктан” чыгып аткан 19 тонна алтын чыгып кеткени [өлкөдөн] туурабы же туура эмеспи?» – деп кайрылды депутат.

Акылбек Жапаров сессиянын ачылышына болгону депутаттарды куттуктоо үчүн келгенин айтып, кийинчерээк даяр отчёт менен келип, бардык суроолорго жооп берүүнү убадалады.

«Экинчи сессияда сиздерде мүмкүнчүлүк болот, далай жолу чакырып, далай жолу мага суроо бергенге. Ал эми алтын боюнча, мен айтып атам, так сиздерге жооп берүүгө даярбыз. Анан айрым маалымат агенттиктер бири-бирибизди тукуруп, бири-бирибизге ошол алтындын тегерегинде чырдашып калсын дегенге жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар. Алтын оюнчук эмес да. Бир миллиграммына чейин учёту бар», – деп жооп берди минкабдын башчысы.

Кыргызстанда «белгисиз өлкөгө» сатылып кеткен алтындын тегерегинде чыр чыккан. Дээрлик 20 тонна алтынды сатуу боюнча масштабдуу келишим 2021-жылы эле башталып, бирок эми гана талкууга алынып жатат. Ошол эле учурда бийлик алтын кимге сатылганы тууралуу маалыматтарды ачыктоодон баш тартып, коопсуздук үчүн деп жүйө келтирип жатышат.

19,2 тонна алтын кайсыл өлкөгө сатылып кеткени аныкталгандан кийин «Клооп» Садыр Жапаров алтындын сатылышы тууралуу маалыматтарды кандай максатта жашыруун кылууну буйруганы тууралуу комментарий алуу үчүн президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылды.

«Президент бул маселе боюнча оюн билдирди. Келип түшкөн каражат өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү, түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн жумшалат», – деп жооп берди ал.

Эмне болду?

Бийлик 19 тоннадан ашык алтынды сатып алган тарап жөнүндө маалыматты жашырып койгону 18-августта белгилүү болгон. «Азаттыктын» журналисттери Улуттук статкомдун июлда жарыяланган жаңыртылган маалыматтарына көңүл бурушкан. Анда 2021-жылы Кыргызстан өзү үчүн рекорд деп эсептелген 24,8 тонна алтын сатканы айтылган.

Төрт тонна алтын Улуу Британияга, бир тоннасы Швейцарияга сатылган. Продукция чакан партиялар менен Орусияга, Кытайга, Италияга жана Түркияга дагы жеткирилген.

Бирок негизги бөлүгү — баасы 1,1 млрд доллар 19,2 тонна алтын, Улуттук статкомдун маалыматына ылайык — «белгисиз өлкөгө» экспорттолгон. Улуттук банк алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине» сатылганын ырастады, ал эми президент Садыр Жапаров маалымат «коопсуздук максатында» жашыруун экенин билдирди.

Алтын Швейцарияга сатылганбы?

Бир нече күндөн кийин соцтүйүн колдонуучулары Швейцария 2021-жылы Кыргызстандан 1,2 млрд долларлык чийки зат сатып алганы тууралуу макроэкономикалык маалыматтар чагылдырылган Trading Economics агрегатынан алынган скриншотту бөлүшө башташкан. «Клооп» Швейцария Кыргызстандан 1 млрд доллардан ашуун суммага алтын сатып алганы тууралуу маалыматтын тастыктамасын тапты. Швейцариянын

Федералдык бажы жана чек ара коопсуздугу, тышкы соода башкармалыгынын маалыматтык базасына ылайык, бул өлкө 2021-жылдын апрелинде Кыргызстандан баасы 1,1 млрд доллар турган 20 тонна алтын сатып алган.

Акча кайда?

Улуттук банктын 23-августта жарык көргөн маалыматынан алтынды башкы банк өзү сатканы түшүнүктүү болду. Башкы банктын билдирүүсүндө алтын «Европа өлкөлөрүнүн бирине жеткирилгени» айтылат. Алтын сатуудан алынган валюта Улуттук банктын өзүнүн эле эсептерине түшкөн.

«Мындан ары аталган каражаттар 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 млн АКШ долларынын тегерегинде), чет өлкө валютасында өлкөнүн башка милдеттенмелерин жана тышкы карызды төлөө боюнча төлөмдөрдү жүргүзүүгө (200 млн АКШ доллары тегерегинде) багытталган», — деп билдирет Улуттук банк.

Аталган каражаттын эсебинен Улуттук банк өзүнүн эл аралык резевдеринин дагы деңгээлин 169,5 млн долларга көбөйткөнү айтылат — 2 млрд 977,6 млн долларга чейин.

Тема боюнча окуңуз: Бийлик Швейцария Кыргызстандан 1,1 млрд долларга алтын сатып алганын жашырып койгон