Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо күз айларына дайындалды

1-сентябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтө турганын жар салды. Бул тууралуу Токаев өлкө парламентинин алдында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

«Ушул күздө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштайм. Адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда фундаменталдуу жана комплекстүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керек. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат. Ошондуктан мен өз ыйгарым укуктарымды кыскартууга жана кезексиз президенттик шайлоого барууга даярмын», — деди Токаев.

Казакстандын өлкө башчысы өз сунушун саясий модернизацияга, ошондой эле президент, парламент жана өкмөттүн саясий институттарын кайра баштоого ылайык киргизип жатканын кошумчалады.

«Биз ачык атаандаштыкта жана баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берген калыс Казакстанды куруп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле, Токаев президентти жети жылдык мөөнөткө шайлап, экинчи ирет шайлана албагандай шартта тандоону сунуштады. Азыр, Казакстандын Конституциясына ылайык, президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Муну менен катар, документте бир киши удаа эки мөөнөткө президент болуп шайлана албайт деп айтылат.

Ушул жылдын июнь айында Казакстанда Токаевдин демилгеси менен баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөн. Ошондо эле казак лидери, Конституцияны өзгөртүү — «бул реформанын акыркы стадиясы эмес, башталышы гана» деп айткан.

Референдумга чейин Казакстандын бийлиги баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү «супер президенттик» башкаруу формасынан күчтүү парламенти бар президенттик республикага өтүүгө багытталган деп билдирген.

Казакстанда бийликтин алмашуусу

Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен Казакстандагы президенттик шайлоо 2019-жылдын июнь айында өткөн, ошондо ал бул кызматка киришкен. Ошол эле маалда бул Токаевдин экинчи инаугурациясы болгон — анын президденттик кызматка биринчи келиши 2019-жылдын 20-мартында өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган Казакстандын биринчи президенти Нурсултун Назарбаев отставкага кеткенден кийин болгон.

Назарбаев президенттик кызматтан кетип жатканда Казакстан үчүн «колунан келгенин баарын жасаганын» жана өз саясатында Казакстандын экономикасын алдыга койгонун айткан.

Бирок Назарбаев президенттик кызматтан кеткени менен Казакстандын саясатын таштаган эмес жана ал Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеген. Бул кызматты ал 2022-жылдын январына чейин ээлеп турган. Анда Токаев өлкөнүн баардык аймагында орун алган башаламандыктын шартында Коопсуздук кеңешин башчылыгына өзү отураарын билдирген.