Ошто санитардык талаптарды одоно бузган коомдук жайлардан 1,6 млн сом өндүрүлдү

Текшерүү учурунан сүрөт

Ош шаарында жыл башынан бери санитардык талаптарды одоно бузган коомдук жайларга айып пул салынып, 1 млн 600 миң сом өндүрүлдү. Бул тууралуу «Клоопко» санитардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, сегиз ай ичинде калаадагы кафе-ресторандар, дүкөндөр, кондитердик цехтер сулуулук салондор, жеке менчик жана мамлекеттик медицина борборлору текшерүүгө алынган. Анын ичинен санитардык талаптарды сактабагандарга протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Бул жылы жаз-жай айларында тургундар тамак-аштан ууланып ооруканага түшкөн учурлар катталды.

Ал эми июнь айында «Не Сахардын» журналистинин калаадагы «Манас-Ата» кафесинин администратору менен болгон чыры коомчулукта резонанс жараткан. Анда аталган берүүнүн журналисти кафени текшерүүгө ала баштаганда, администрация аны сыртка алып чыгып, тоскоолдук жараткан.

Бирок оператор кафенин ашканасында санитардык талаптар сакталбаганын тартууга жетишкен. Коомчулук кескин сынга алган соң бул окуяга Оштун мэри Алмаз Мамбетов да реакция кылган.

Ал тиешелүү кызматтарга текшерүүнү күчөтүүнү тапшырган. Анын алкагында бир катар коомдук жайларга айып пул салынган.

Ал эми «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, Ош шаардык прокуратурасы кафени текшерүүдө мыйзам бузууларды аныктаган. Мындан улам прокуратура мэрияга «Манас-Ата» кафесин сүрдүрүү сунушун берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Алты тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, айып пул салынды

Ош: «Манас-Ата» кафеси убактылуу жабылып, айып пул салынды

Оштун мэри «Манас-Ата» кафесиндеги чырдан улут маселесин козгобоого чакырды

Ош: «Манас-Ата» кафесинин ээси администратор иштен алынганын айтып, элден кечирим сурады

Ош: «Не сахар» «Манас-Ата» кафесинин ашканасында санитардык норма сакталбаганын аныктады