«Татыктууларга берилди». Президент мамлекеттик наам берүүгө карата сын-пикирлерге жооп берди

Президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүндө мамлекеттик жогорку наам тапшырууга байланыштуу коомчулуктун сын-пикирине жооп берди. Өлкө башчысы бул тууралуу 2-сентябрь күнү бир катар коомдук жана маданий ишмерлерге сыйлык тапшыруу учурунда билдирди.

Жапаров буга чейин сыйлыктар менен наамдар акчага сатылып, тааныш билиш аркылуу берилип келгенин айтып, эми мамлекеттик наам «эмгеги сиңгендерге гана берилип жатканын» билдирди.

«Мен бийликке келгенден баштап, комиссия чогулттум да “мындан ары татыксыздарга, акча менен сатып алгандарга эч кандай сыйлык берилбеши керек. Сыйлыкты, наамды, бийликти сатып алганда мамлекет эч качан өнүкпөйтүрө албайбыз” деп айттым. Ошондон баштап, эл арасынан карап, кимдер ала элек, татыктууларга берип атабыз», — деди ал.

Ошондой эле президент УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамы улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу берилгенин айтты.

«Караниет чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн "баатыр" сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт», — деди Жапаров.

Президент эл арасында «дүжүрлөргө, өзүн колдогондорго берип атат» деген пикирлер айтылганын, бирок сыйлык алгандардын арасында аны дагы деле сындап, колдобой жүргөндөр бар экенин кошумчалады.

1-сентябрда Жапаровдун жарлыгы менен «легендардуу» парламенттин депутаты, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маркум мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев жана кинорежиссер Болот Шамшиев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамына ээ болгон.

Аны менен катар, президент Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» жана бозгун президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге «Даңк» медалын тапшырган.

Коомчулукта жогорку наам алгандар боюнча ар түрдүү пикирлер айтылды. Айрымдары наам тарыхый баа менен эмес, саясий ыңгайга жараша берилгенин белгилесе, кээ бири наам алгандар татыктуу иш жасаганын айтышты.

Тема боюнча:

Президент Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарды

Президенттин үзөңгүлөшү Талант Мамытовго «Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылды