Президенттин үзөңгүлөшү Талант Мамытовго «Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамы ыйгарылды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 1-сентябрда кол койду.

Мындан сырткары, президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, бозгун президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге «Даңк» медалы тапшырылды.

Ошондой эле, президенттин жакын досу, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге эң жогорку даражадагы «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы жана «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылды.

Талант Мамытов ким?

Талант Мамытов — үч чакырылыштын депутаты. Эң алгач, ал Жогорку Кеңешке 2010-жылы «Ата-Журт» партиясы менен келген. Талант Мамытов 2010-жылы Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев негиздеген «Ата Журт» партиясынан Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган.

2012-жылдын октябрь айында Жапаров, Ташиев жана Мамытов «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу талабы менен Ак үйдүн астында митинг уюштурушкан. Кийинчерээк митингчилер Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнгө аракет жасашкан.

Үч депутат укук коргоо органдары тарабынан кармалып, аларга «бийликти күч менен басып алуу» айыбы тагылган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2013-жылы алардын күнөлүү деп тапкан. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья Курманкул Зулушев депутаттарды актаган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Жогорку Сот аларды толугу менен актаган.

Бийликке Садыр Жапаров келген октябрь окуяларынан кийин Талант Мамытов спикер болуп шайланган.

Элмурза Сатыбалдиев деген ким?

Сатыбалдиев учурда волейбол боюнча Азия конфедерациясынын башкы катчысы. Курманбек Бакиев бийликте турганда ал башкы прокурор болгон. Ал учурда президенттин кеңешчиси да болуп иштеген.

2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот тарабынан дайындалган жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп, 2016-жылдын аягында эркиндикке чыккан.

Ал 2020-жылы октябрда өтүп, кийин жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого Сатыбалдиев «Замандаш» партиясы менен катышкан. Сатыбалдиев 2021-жылы шайлоого Ош облусунун №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкерлигин коюп, депутат болуп шайланган.

Тема боюнча:

Президент Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарды