Роза Отунбаева БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Бириккен улуттур уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш экс-президент Роза Отунбаеваны Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча миссиясынын башчысы кылып дайындады.

Маалыматка ылайык, Отунбаева мурда бул кызматты аркалап келген Канадалык Дебора Лайонстун ордуна келди.

БУУнун сайтында Отунбаева лидерлик, дипломатиялык, жарандык активдүүлүк жана эл аралык кызматташуу жаатында 35 жылдан ашык кесипкөй тажрыйбага ээ экени айтылат.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов Твиттер барагына Отунбаева бул кызматка президент Садыр Жапаровдун сунушу менен дайындалганын жазды.

«Өлкө башчы Садыр Жапаровдун сунушу жана жигердүү колдоосу менен Роза Отунбаева БУУнун баш катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы болду. Куттуктайбыз!» — деди Байсалов.

Роза Отунбаева

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү жана эң алгачкы айым президенти. Ал 2010-2011-жылдары өлкөнү башкарган. Ага чейин үч жолу тышкы иштер министри болгон. Кийин 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты, 1991-жылы вице-премьер министр болуп эмгектенген.

Андан тышкары Отунбаева Тышкы иштер министрлигинде бир нече жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы, Улуу Британиядагы элчиси, ЮНЕСКО иштери боюнча советтик улуттук комиссиянын төрагасы болгон.

Отунбаева 2002-2004-жылдары БУУнун Грузиядагы байкоочулар миссиясында (UNOMIG) баш катчынын атайын өкүлүнүн орун басары болгон. Учурда ал БУУнун баш катчысынын медиация боюнча жогорку деңгээлдеги консультативдик кеңешинин мүчөсү. Ошондой эле ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондун жетектейт.