Чүй облусунда кыз зордуктоого шектелген адам кармалды

Чүй облусунун Москва районунда 26 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 37 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнен билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, жабыркаган кыз милицияга 4-сентябрда кайрылып, күн мурун бир киши киши чачынан тартып барып, Ак-Суу айылындагы эски кыш чыгарган заводдо зордуктаганын айтып берген.

Аталган факт «Зордуктоо» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аялдарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча 2021-жылга карата глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп табылган. Кыргызстанда кыздарды уурдап, зордукап, өлтүрүп да кетишет.

2022-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча жумушчу тобунун адистери Кыргызстандагы аялдардын жана кыздардын абалы тууралуу баяндама жасашкан. Баяндамада БУУнун адистери Кыргызстанда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын укук коргоо органдарына кайрылуу деңгээли абдан төмөн экенин белгилешкен.

Эксперттер буга укук коргоо органдарынын жабыркагандарга карата кайдыгерлиги, адискөй тергөөчү аялдардын, ошондой эле окуудан өткөн судьялардын жоктугу себептигин белгилешкен.