Кыргызстандык ага-инилер Париждеги бий боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыгышты

Кыргызстандык ага-ини Омар жана Эмир Асанбековдор Парижде өтүп жаткан заманбап бий боюнча Fusion Concept Festival дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыгышты.

Эгиздер бул алардын Европага болгон биринчи сапары экенин айтышты.

«Жылуу сөздөрүңүздөр бизди абдан кубандырды. Париж, чоң рахмат. Биз дүйнөнүн алдыңкы бийчилеринен мактоо угабыз деп күткөн эмеспиз. Жүрөгүбүз жылыды», – деп жазышты алар.

Дүйнө чемпионатына катышуу үчүн бийчилер Бишкектеги тандоо турунан өтүшкөн, анда казакстандык жана өзбекстандык бийличер да катышкан.

2017-жылы Омар менен Эмир ТНТ телеканалындагы «Танцы» шоусуна катышышкан. Бирок кыргызстандыктар долбоордон чыгып кетишкен, себеби vogue стилинде бийлөөдөн баш тартышкан.

«Биз болгону апабызга аялдардын vogue стилиндеги бийин бийлебейбиз деп убада бергенбиз», – дешкен алар калыстарга.