Башкы прокуратуранын өзгөчө иштер боюнча тергөөчүсү коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсузду мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 5-сентябрда Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсүн кармашты. Ал коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, шектүү «Бишкек машина куруу заводу» ААКга тандык жер тилкелерин сатууну уюштурган. Жалпысына үй курууга деп 12 жер тилкеси сатылган. Заводго таандык болгон мыйзамсыз ажыратылган жердин аянты 62 гектарды түзгөн.

Басма сөз кызматтан аталган факт «Коррупция» беренеси менен катталганын белгилешти.

Тергөөчү УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Буга чейин ушул эле иш боюнча коррупцияга шектелип Башкы прокуратуранын жана «Бишкектин унаа куруу заводунун» кызматкерлери кармалышкан. Алар дагы УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна киргизилген.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, коррупциялык схеманы Башкы прокуратуранын Ч.Н. кызматкери түзгөн — ал кылмышка катышкан Э.Б. аттуу адамга жер тилкесин 460 миң долларга саткан.