УКМК: Башкы прокуратура кызматкери заводдун жерин 460 миң долларга мыйзамсыз саткан

Улуттук коопсуздук комитеттинин басма сөз кызматы кармалган Башкы прокуратуранын жана Бишкектин унаа куруу заводунун кызматкерлери УКМКнын убактылуу тергөө изоляторуна киргизилгенин маалымдады.

Алар 13-декабрда коррупцияга шектелип кармалган. Кармалгандардын арасында дагы эки жаран бар.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, коррупциялык схеманы Башкы прокуратуранын Ч.Н. кызматкери түзгөн — ал кылмышка катышкан Э.Б. аттуу адамга жер тилкесин 460 миң долларга саткан. Бишкектин машина куруучу заводуна таандык болгон мыйзамсыз ажыратылган* жердин аянты 62 гектарды түзөт.

*Жер тилкесин ажыратуу деп жердин ээси тиешелүү келишимдердин негизинде өз участогун башкалардын менчигине өткөрүп берүү айтылат.

«Ошентип, тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратуранын, Сокулук районунун Мамкаттоосунун жана “БМЗ” ААКтын кызмат адамдарынын түздөн түз байланышы аныкталды», — деп билдиришти УКМКдан.

Бул схемага катыштыгы бар башка адамдарды издөө жана тергөө амалдары уланып жатканы белгиленди.

Бишкектин унаа куруучу заводу — мурдагы В.И. Ленин атындагы заводунун укуктук мураскери. Заводдун негиздөөчүсү болуп Маммүлк фонду эсептелет.

Тема боюнча: Жер сатышкан. Башкы прокуратуранын кызматкери коррупцияга шектелип кармалды