Кыргыз спортчусу бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Зулкайнар Шайбек уулу бразилиялык жиу-житсу боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Чемпионат 2-3-сентябрь АКШнын Лас-Вегас шаарында өттү.

Шайбек уулу 30 жаштан 35 жашка чейинки чеберлер арасында (masters 1), көк кур категориясы боюнча 64 килограмм салмакта күч сынашты. Ал алгач үч атаандашын утуп, финалда вьетнамдык спортчу Жонни Хай Нгуенге 4:2 эсебинде утулуп калды.

Бразилиялык жиу-житсу боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионаты бир нече жаш курактагылардын арасында өтүп, ага бир канча мамлекеттен келген беш миңге жакын спортчу катышты.

Дүйнө чемпионаты Эл аралык бразилиялык жиу-житсу федерациясы тарабынан уюштурулду. Чемпионат 30-60 жаштагылар арасында көк, кызгылт-көк, күрөң жана кара кур категорияларында өттү.

«Азаттык» басылмасынын маалыматына ылайык, 30 жаштагы спортчу Зулкайнар Шайбек уулу көп жылдан бери АКШда жашап, машыгып, Кыргызстандын атынан мелдештерге катышып жүрөт. Ал жиу-житсу боюнча Калифорния штатынын эки жолку чемпиону.

Жиу-житсу — жапон мушташ өнөрү, ага курал жана куралсыз кармашуу техникасы кирет. Негизги принциптеринин бири «жеңил», «ийкемдүү» кыймылдар техникасы болгон кармашуу искусствосу.

Тема боюнча:

Кыргызстандык Айжан Кадырбекова жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду