Тарыхта биринчи жолу. Футбол боюнча кыргыз курамасы Орусия менен достук беттешин өткөрөт

Бишкекте 24-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Орусиялык футболчулар менен беттешет. Бул тууралуу Орусиянын футбол союзунан билдиришти. Бул эки команданын тарыхтагы биринчи оюну болот.

Орусиянын курама командасы ФИФАнын рейтингинде 35-сапта, ал эми кыргыз футболчулары 95-сапта турат.

Орусиянын аскерлери Украинага толук масштабдуу кол салгандан кийин Орусияга каршы бир катар санкциялар салынган, алардын ичинде спорттук дагы санкциялар бар. Алсак, эки негизги футболдук уюм — ФИФА жана УЕФА — футбол клубу болобу же курамабы, айтор, Орусиянын бардык командаларын жаңы кабар алмайын уюмдун аты менен турнирлерге катышуудан четтеткен.

Мындан тышкары, Европанын бир нече курамасы дагы Орусиянын курамасы менен ойноодон баш тарткан.