Камактагы активист Ырыс Жекшеналиевдин бөлмөсү тинтүүгө алынганы айтылды

Эки айга камалган активист Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганы айтылды. Бул тууралуу 18-августта активист Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

«Эмне издеп жатасыңар негизи? Ой өзүнөн сурасаңар ачык эле айтат. Жашырган эч нерсеси жок», — деп жазды ал.

Бекчоро уулу жүктөгөн видеодон бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот.

Ал эми ИИМ активисттин үйүнүн тинтилиши боюнча комментарий бере элек.

Жекшеналиевдин кармалышы

Фейсбуктагы «Полит Узник» барагынын администратору Ырыс Жекшеналиев 14-августта УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылган.

Ошол эле күнү ага карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

19 жаштагы активисттин кармалышы Садыр Жапаров Фейсбуктагы кайрылуусунун шартында болгон.

Анда өлкө башчысы «Жетим-Тоону коргогучтарга айлангандарды» элдин башын айлантканды токтотууга чакырган. Ал учурда кенди иштетүү боюнча чечим кабыл алына элек экенин, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, кендин корун тактап коюуга гана буйрук бергенин кошумчалаган.

Ал эми 16-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жекшеналиевди ТИЗО-1ге эки айга камакка алган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сот активист Ырыс Жекшеналиевди ТИЗО-1ге эки айга камакка алды

Бир кадр менен: Активист Жекшеналиевдин апасы уулун алып бараткан унаанын жолун тосту

Бир цитата менен: Жапаров 2020-жылы соцтүйүндөгү посттор үчүн эч ким жоопко тартылбайт деп ишендирген