Аялдардын сүннөтү майып кылат жана өлүмгө алып келиши мүмкүн, ага исламда жол берилбейт — эксперттер

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов 3-сентябрда Фейсбук барагында өлкөлө аялдарды сүннөткө отургузуу тажрыйбасы колдонула баштаганын билдирген. Анын айтымында, бул тууралуу ушул эле соцтүйүндөн окуп калган. Аялдардын сүннөтү деп медициналык көрсөтмөлөрү жок операция жолу менен аялдын жыныс органынын сырткы мүчөсүн толук же жарым-жартылай (клитордун моюнчасын, чоң жана кичи жыныс эриндерин ) алып салуу дегенди билдирет.

«Клооп» врач Амир Талипов, теолог Кадыр Маликов жана укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова менен аталган операциялар тууралуу маек курду.

Талипов мындай операциялар аялды өмүр бою майып кыларын белгиледи.

«Бул жердее кооптуу нерселер өтө көп: операциядан кийин кан токтобой, адам өлүп калышы ыктымал. Ал аялга кан аркылуу өткөн ар кандай жугуштуу ооруларды жуктурушу мүмкүн — ал вирустук гепатиттер жана ВИЧ. Анан жыныс кындын ар башка жерлерин алып салуу — ал жерде же клитор, же чоң жана кичи жыныс эриндери алынат да — жада калса эгер баары хирургиялык жактан алып караганда кесепетсиз өтсө дагы аялды майыптыкка кептейт [...] Ал эми психологиялык жактан аны кантип сүрөттөсө болорун дагы билбейм», — дейт врач аталган операцияны жасоо медициналык этикага каршы келерин жана ал үчүн кымыш жазасы каралганын кошумчалап.

Ал эми теолог Кадыр Маликов исламда аялдарды сүннөткө отургузуу тажрыбасы жоктугун белгиледи.

«Исламда [аялдарды сүннөткө отургузууга жол берилбейт]. Дегеле медициналык жактан караганда зыян жана туура эмес нерсенин баарына тыюу салынат», — деп белгиледи теолог.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыргызстанда аялдарды сүннөткө отургузуу мыйзамсыз дарыгердик болуп эсептелерин билдирди. Ал эгер өлкөдө мындай операциялар жасалып жатса Башкы прокуратура буга чара көрүшү керек деп эсептейт.

«Мында дарыгерлик бизде лицензияланган эмес, ал окулбайт дагы. Ал жарандар кайрып өздөрү барган жеке клиника болсо дагы ал жерден бул мыйзамсыз экенин, андай ишке барышпасын айтып жооп бериши керек эле. Эгер клиника ошондой кылып аткан болсо, анда прокуратура реакция кылышы керек, жоопко тартуу болушу зарыл. Муну аялдын сүннөтү деп дагы атай албайм — бул мажбурлап стерилизациялоо», — дейт укук коргоочу.

Абдирасулова врач Талипов айткандай эле мындай операциянын «өтө жаман кесепети» болушу мүмкүн деп белгиледи. Ал операциянын салттык жана башка диний түшүнүктөр менен эч кандай байланышы жоктугун дагы кошумчалады.

Аялдардын жыныс органдарын кесүү

БУУ 1997-жылы эле аялдарды майып кылган жыныстык органга операциялардын төрт түрүн аныктаган. Анын баары зомбулуктун формасы деп табылган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги дагы аны майып кылуучу операция деп атап, өлкөнүн медициналык жайларында андай операциялар жасалбасын белгилейт.

БУУнун 2020-жылга карата маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө аялдардын сүннөтүнө дуушар болгон 200 млнго жакын кыз-келин жана аял жашайт. Уюм адамды майып кылган тажрыйба Африка жана Жакынкы Чыгыштын 30 өлкөсүндө, андан тышкары Азиянын, анын ичинде Индия, Индонезия, Ирак жана Пакистанда, ошондой эле Латын Американын кээ бир аймактарында сакталып калганын белгилейт.

БУУ 2030-жылга чейин аялдарды сүннөткө отургузуу тажрыйбасын түп орду менен токтотууга чакырган. 6-февраль Аялдарды майып кылуучу жыныс органдарына операцияларга каршы туруу эл аралык күнү деп эсептелет.

Башкы бетке иллюстративдик сүрөт коюлду: Piron Guillaume / Unsplash.