Улуттук статистика комитети: Кыргызстандыктардын саны дээрлик 7 миллионго жетти

Улуттук статистика комитети 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин жүргүзүлгөн Кыргызстандагы эл каттоонун алдын ала жыйынтыктары менен бөлүштү.

Андагы маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 1-августуна карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 977 миң кишини түздү. Буга чейин акыркы жолу эл каттоо 2009-жылы жүргүзүлгөн.

Улуттук статистика комитетинен 13 жылдын ичинде калктын саны 1,6 млн адамга өскөнүн белгилешти. Учурда алынган маалыматтар логикалык каталарга карата текшерилип жатат жана учурдагы демографиялык эсепке алуу маалыматтары менен салыштырылат. Бул этапты 2022-жылдын аягына чейин жыйынтыктоо пландалууда.

Кийин маалыматтарды кайра иштетүү этабы жүрүп, 2023-2024-жылдардын ичинде элдин иш менен камсыздалышы жана экономикалык активдүүлүгү сыяктуу бир катар мүнөздөмөлөр менен басылмалар басып чыгарылат.