Видео: Бишкектин жер өтмөктөрүндөгү көтөргүчтөр беш жылдан бери иштебей турат

Бишкектин борборундагы ЦУМ жана Филармониянын жанындагы жер өтмөктөрдөн күнүгө миңдеген адам өтөт. Бирок кыймылдап-жүрүүсү начар адамдарга бул жерлерден өтүү дээрлик мүмкүн эмес — өтмөккө түшүп кайра чыгуу үчүн тепкичтерди басып өтүү керек.

2017-жылы мэрия ал жерлерге электр көтөргүчтөрдү орноткон. Ага 6,7 миллион сом сарпталган. Бирок көтөргүчтөр иштеген эмес — механизмди тейлөөгө каражат жок болчу.

Биз активист Айдана Ниязбекова менен бирге көтөргүчтөрдүн учурдагы абалын, иштеп жатабы же жокпу текшерүүнү чечтик.

Видеону даярдагандар: Жоомарт Дуулатов, Айзирек Иманалиева, Кайрат Замирбеков