5-ноябрда аймактарда жана Бишкек, Ош шаарларында жергиликтүү курултай өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аймактарда жана Бишкек менен Ош шаарында жергиликтүү курултай өтөт. Мындай чечим мамлекеттик катчы, Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында өткөн 9-сентябрдагы жыйында кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматы чогулушка уюштуруу комитетинин мүчөлөрү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышканын билдирди.

Анда курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу иштеринин планы жана делегаттарды шайлоонун жол-жобосун камтыган нускамалар бектилди. Ага ылайык, Элдик курултай эки этапта ишке аша турган болду.

Биринчи этапта жергиликтүү курултай өтүп, делегаттар шайланат. Аны жергиликтүү кеңештер уюштурат. Андан соң мандат алган делегаттардын катышуусунда Элдик курултай өтөт.

Жыйында делегаттарды тандоодо аймактын этностук өзгөчүлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо сунушу айтылды. Ал эми Касмамбетов курултайдын идеологиялык мааниси чоң экенин айтып, президенттин жарлыгын «кынтыксыз аткаруу керек» деп белгиледи.

Буга чейин, 16-августта президент «Элдик Курултай чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Бирок юрист Фатима Якупбаева президенттин андан ыйгарым укугу жок экенин билдирген.

Юристтин айтымында, Элдик Курултайды уюштуруу жана иштөө тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам аныктайт.

Элдик Курултай

Жапаровдун администрациясынын маалыматына ылайык, биринчи Элдик Курултай 25-ноябрга чакырылган, ал Бишкекте өтүшү керек. Курултайды Министрлер кабинетинин Резервдик фондунун жана Президенттин фондунунун эсебинен өткөрүү пландалган.

Элдик Курултай Конституцияда жазылган, бирок ал тууралуу мыйзам азырынча кабыл алына элек. 17-майда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети Жапаров демилгелеген «Элдик Курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун кабыл алган эмес.

27-августта өлкө башчысы Элдик Курултай уюштурууга толук укугу бар экенин билдирген. Жапаров Элдик Курултайды жыйым-терим бүткөн учурга ылайыктап чакырганын белгилеп, курултайдын өкүлдөрүн эл шайлайт деген.

Элдик Курултай жөнүндө дагы окуңуз:

Парламенттик комитет президенттин «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырган жок

Президент Элдик Курултайды чакырды, бирок Жапаровдун андай ыйгарым укугу жок — юрист

Президент Садыр Жапаров Элдик Курултай уюштурууга толук укугу бар экенин айтты