«Азия Микс» КВН командасынын «алдамчылыкка» шектелип кармалган мүчөсү Марат Жуманалиев бошотулду

Марат Жуманалиев.

«Азия Микс» КВН командасынын «алдамчылыкка» шектелип кармалган мүчөсү Марат Жуманалиев боштулду. Бул тууралуу өзү инстаграм барагында билдирди.

Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери аны «чоң түшүнбөстүктөн» улам кармашканын айтты.

«Мен бир билдирүүмдө ката кетирип коюптурмун. Бирок ошонун айынан ал жерде болушум мүмкун эмес эле. Бардыгын чечишип алдык. Милиция кызматкерлеринен кечирим сурадык. Баары жакшы, кабатыр болбогула. Аларды [УКМКны] каралоонун, жалаа жабуунун кереги жок», — деди ал.

Ошондой эле, Жуманалиев өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын баса белгиледи.

Марат Жуманалиев 2016-жылы Орусияда КВНдин Жогорку лигасында жеңип, Борбор Азиядагы алгачкы чемпиондор командасына айланган «Азия Микс» командасынын мүчөсү катары белгилүү.

Марат Жуманалиевдин кармалышы

Үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрында УКМК «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсү Марат Жуманалиев менен кошо дагы бир адамды «алдамчылыкка» шектеп кармаган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, кармалгандар финансылык пайда көрүү максатында Орусиянын жараны, «Спекулянт» компаниясынын башкы директорунун ишеними кирип, анын укук коргоо органдар менен болгон маселсин чечип берүүнү убада кылып ири суммадагы акчага ээ болуп алышкан.

УКМКнын басма сөз кызматы кармалгандар күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмө беришкенин белгилеген.

Тема боюнча:

УКМК «Азия Микс» КВН командасынын мүчөсүн алдамчылыкка шектеп кармады