Амантур Исмаилов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгени багынтты

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Ал 67 кг чейинки салмакта күч сынашты.

Исмаилов 3-орун үчүн таймашта грузиялык Жони Хецурианини 17:8 эсебинде жеңди.Амантур Исмаилов 24 жашта.

Ал — 2021-жылдагы Азия Чемпионатынын коло байгесинин ээси

.Исмаилов жеңген коло кыргыз балбандары үчүн Сербиядагы чемпионаттан багындырылган экинчи байге. 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дагы жеңишке жетип, алтын медаль тагынган. Махмудов өз жеңиши менен спорттун бул түрү боюнча Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону аталган.

13-августта 60 кг салмакка чейинки категорияда алтын байге үчүн Жоламан Шаршенбеков дагы күрөшөт. Ушул эле күнү Айсулуу Тыныбекова дагы коло байге үчүн таймашка чыгат.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин өтөт. Ага Кыргызстандан барган 15 спортчу катышат.