Ишкер Журат Абдуллаевден табылган 800 млн сом жана курал-жарактар мамлекеттин эсебине өттү

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Үмүт жана Ко» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Журат Абдуллаевди «Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган. Сот андан 100 миң сом айып пул өндүргөн.

Мындан тышкары, Абдуллаевден 800 млн сом, ошондой эле түрдүү курал-жарак, ок-дары жана аскердик техникалар алынган.

«Тергөөнүн жана сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен алынган курал-жарактар, анын ичинде аңчылык курал жана техникалар ИИМдин карамагына өткөрүлүп берилди жана 800 млн сомдон ашык суммасындагы акча каражаттар толугу менен республикалык бюджетке чегерилди», — деп белгилешти УКМКдан.

Абдуллаевдин кармалышы

Журат Абдуллаев ок дары, курал-жарактар жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактоого шектелип 19-августта кармалган.

Ишкердин үйү жана иштеген жеринде тинтүү жүргүзүлүп, чоң сандагы курал-жарак, жарылуучу заттар, ошондой эле пулемёту бар ок өтпөгөн унаа табылган.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы ишкердин иш кабинетинде жүргүзүлгөн тинтүүнүн видеосун тараткан.

УКМКдан Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн ар кандай калибрдеги курал-жарактар жана салмагы 2,03 граммды түзгөн баңгизат дагы табылганын билдиришкен. Ошондой эле 822 миллион сом алынган.