Депутат Атазов Матраимов мурдагы президенттердин «курмандыгы» болгонун айтты

Парламент депутаты Шайлообек Атазов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун бийлик үчүн күрөшүүсүнүн «курмандыгы» болду деп билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 14-сентябрдагы жыйынында айтты.

Жыйында сөз депутат Жеңишбек Токторбаевдин Кыргызстандын тарыхында беш президент алмашып, өлкөдө эч нерсе өзгөрбөгөнү тууралуу айтканынан башталды.

«Аскар Акаев 14 жыл башкарды, эч кандай өзгөрүү болгон жок. Төрт жыл өзү башкарды, 10 жыл аялы башкарды. Канчалаган мал, сарайлар, автобаза жана имараттар бар болчу. Бардыгын “прихватизация” кылып жок кылды [...] Андан кийин Кыргызстанды Бакиев беш жыл башкарды. Бир жыл өзү, төрт жыл баласы Максим башкарды. Миллиондогон акчаларды алып чыгып кетти. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков үч жыл башкарды. Эч өзгөрүү болгон жок. Бир жыл өзү, калган жылы Асылбек Жээнбеков менен Райым миллион башкарды», — деди депутат. Токторбаевден кийин депутат Шайлообек Атазов сөз алып, Райымбек Матраимовго болушуп, мурдагы бажычы өлкөнү башкарган жок, ал «башкарууга» жардам берди деп билдирди.

«Асылбек Жээнбеков келгенде Райым миллион иштен кеткен эле. Ал болгону бажынын жетекчисинин орун басары, полковник болгон. Ал киши мамлекетти башкардыбы же мамлекетти башкарууга жардам бердиби? Ал киши эки дөө урушса ортодо чымын өлөт болуп, Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып, соцтүйүнө кара пиар менен каралай берип, бүгүн “Дордой” жана “Кара Суу” базарын [сызга] отургузушту. Райым миллион башкарбай, мүмкүн ал мамлекеттин экономикасына жардам берген болушу мүмкүн, текшерип көрүңүзчү», — деди Атазов кесиптешине кайрылып.

Ошондой эле Токторбаев «Кыргыз Эл баатыры» наамын Камчыбек Ташиевге эл 12 жыл мурда эле берип койгонун кошумчалаган. Ал Ташиев наамга татыктуу экенин белгиледи. Ал эми Атаз кесиптешинин бул оюна кошулду.

«Жеңиш агабыз аябай туура нерсени айтып кетти. Анын чындыкты айткан жерлерин сыйлайбыз. Мындан бир ай мурда Теңгиз Бөлтүрүк “өзүн хан кылып жатат” дедиңиз эле, бүгүн болсо [ал чын] болуп жатат. Бирок башкаруудагы адамдардын атын айтканда адилеттүү мамиле жасалышы керек. Мына Убактылуу өкмөт дедиңиз, Акаевден баштап эсептеп бердиңиз — ал өзүңүздүн депутаттык укугуңуз. Баласы башкардыбы же аялы башкардыбы биз кыргыз эли баа беребиз. 2010-жылы биз дагы кан кечкенбиз. Камчыбек Ташиевдин 100 миңдеген адамдардын канын төктүрбөй сактап калганын да билебиз. Негизи баатыр, элдин уулу», — деди Атазов.

Матраимов жана коррупция

Райымбек Матраимов эки жылдан ашык — 2015-жылдан 2017-жылга чейин — кыргыз бажысынын төрагасынын орун басары болгон. Бирок ал бажы түзүмдөрүндө 10 жылдан ашык иштеген. Бул аралыкта ал кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын көмүскө кланы менен бирге коррупциялык схеманы жолго койгон.

Абдукардын үй-бүлө кланы Кытайдан Кыргызстанга, андан ары Борбор Азия өлкөлөрүнө мыйзамсыз жүк ташып жаткан чакта Матраимов бул схеманын бузулбай иштешине жардам берип, бул үчүн үй-бүлөсүнүн кайрымдуулук фондунун эсебине «кайыр садага» алып турган. Журналисттер бул схема аркылуу Кыргызстандан 700 млн сом чыгарылып кеткенин далилдешкен.

Матраимов жана анын туугандары коррупциялык схемалардын арты менен канча акча табышканы эмдигиче так белгилүү эмес. Бирок анын үй-бүлөсүнүн күтүүсүз (жана мыйзамсыз) байыганы айдан ачык билинген. Мисалы, журналисттер Кыргызстандын аймагында да, чет өлкөлөрдө да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык кымбат мүлктөрдү табышкан. АКШ Матраимов менен анын жубайын «Магнитский тизмесине» киргизген.

2021-жылдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Матримовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, болгону 260 миң сом айыпка жыккан. Ошондой эле ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, бюджетке келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 2 млрд сом төгүүгө макул болгон.