Исхак Масалиев: Бөлтүрүктү таза иштейт деген Акылбек Жапаров дагы жоопко тартылышы керек

Исхак Масалиев.

14-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жоопко тартууну сунуштады. Ал мындай сунушун «Кумтөр Голд Компанидеги» «коррупциялык кылмыштар фактысы» боюнча Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалганына байланыштуу берди.

Масалиев «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу жана «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Бөлтүрүктүн «мамлекетке келтирген 1 миллард сом зыяны 10 мектептин акчасы» экенин билдирди.

«Башынан эле жарандар, саясий активисттер “ишенбейбиз, ишенбейбиз” деп айткан болчу. Жок, бизге “таза иштейт” деген. Ошол “таза иштейт” деген Акылбек Жапаров жоопко тартылышы керек да. Анын ишенген кишиси уурулук кылса, ээси дагы жооп бериш керек», — деди эл өкүлү.

Масалиев Бөлтүрүк башка өлкөнүн жараны экенин белгилеп, ал кол койгон келишимдерди кайра карап чыгууну сунуштады. Депутат Бөлтүрүктүн келишимдерден да «пайда көрөм деген ою болушу мүмкүн» деп эсептейт.

Эл өкүлү бул иш боюнча толук маалымат алган соң, Конституцияга ылайык минкабдын башчысын иштен алуу боюнча президентке сунуш беришибиз керек деп кесиптештерине кайрылды.

«Конституция боюнча, өкмөттүн мүчөсүн же башчысын иштен бошотуу боюнча сунуш бере алабыз. Келгиле ошону колдонуп көрөлү бир жолу. Аны калтырабы, калтырбайбы президент өзү чечет. Бирок биздин укугубуз бар», — деди ал.

Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышы

13-сентябрда Башкы прокуратура Кумтөр кенин иштеткен «Кумтөр Голд Компанинин» ишин текшерүүсүнүн жыйынтыгында үч кылмыш ишин козгогон.

Алдын ала эсептөө боюнча, аталган коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталган.

Ошол эле күнү кылмыш ишинин алкагында Теңиз Болтүрүк кармалган. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис жана каржы башкармалыгынын директору дагы кармалып, бардыгы Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Тема боюнча:

«1 млрд сом зыян». Башкы прокуратура «Кумтөрдөгү» текшерүүдөн кийин үч кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү кармады