Чек ара кызматы: Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп, ок атылууда

УКМКнын Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге «чыккынчылык» менен кол салганын билдирди.

16-сентябрь саат 9:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат. Чек ара кызматы ок атышуу уланып, тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатканын белгиледи.

«Кызыл-Бел-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.

Ошондой эле Чек ара кызматы чек арада провокация көбөйүп баратканын, Тажикстандын аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасында алгач 14-сентябрь күнү ок атылган.