Чек ара кызматы: тажик аскерлери Достук айылындагы мектепти басып алышкан

Урматтуу окурмандар, бул материал 21-сентябрда жаңыртылды. Тактоолор Ак-Сайдагы мектепке байланыштуу болду.

Соцтармактарда тажик аскерлери Баткендеги мектепти басып алып, Тажикстандын желегин орноткон видео пайда болду. УКМКнын Чек ара кызматынан аталган мектеп Ак-Сайда эмес, Достук айылында жайгашкан деп «Клоопко» билдиришти.

Интернет колдонуучулар бул Ак-Сай айылындагы мектеп экенин айтышкан. Видеодон тактанын бир бөлүгүнөн «Б. Хожаев атындагы» деген жазууну көрүүгө болот. Ачык маалыматтар боюнча, ошондой эле мектеп Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан.

Ал эми Чек ара кызматынан видеодогу мектеп Достук айылында жайгашкан деп баса белгилешти.

19-сентябрда Чек ара кызматынан мектеп чынында эле Ак-Сайда жайгашканын айтышты. 

«Видеодо чынында эле Ак-Сай айылындагы мектеп тартылган. Бирок ошол күнү (16-сентябрда) Ак-Сайдагы мектеп басып алынганбы же жокпу, так айта алган жокпуз, анткени кагылышуу жүрүп жаткан. Такталган гана маалыматты [Достук айылындагы мектеп басып алынганы боюнча] берип жатканбыз.Кийинчерээк тажик тарап Достукта да, Ак-Сайда да мектептерди басып алганы белгилүү болду», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Куралдуу кагылышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Ал эми 16-сентябрда абал курчуп кеткен. Кыргыз бийлиги тажик тарапты агрессияга жана аскердик кол салууга айыптады. Ал эми тажик тарап эскалацияга Кыргызстанды күнөөлөөдө.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 19-сентябрга карата жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 198ди түздү. Ошондой эле куралдуу кагылышуудан 59 кыргыз жараны мерт кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанга келтирилген материалдык чыгымдын суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түздү.