Чек ара кызматы: Тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарды

УКМКнын Чек ара кызматынан 16-сентябрда саат 18:00го карата тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул жолу алар Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарын аткылашууда.

Ошондой эле, басма сөз кызматынан Баткен районунда тажик тараптын залптык октун реактивдүү тутумун пайдаланганын белгилеп, кырдаал чыңалуу бойдон калып жатканын кошумчалашты.

Буга чейин Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, ок атууну токтотууну макулдашкан.

Мындан сырткары, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашып, ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан.

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев: Ок атууну эки тараптуу токтотуу боюнча чечимге келдик