Камчыбек Ташиев: Ок атууну эки тараптуу токтотуу боюнча чечимге келдик

Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечим кабыл алынганын кабарлады. Ташиевдин билдирүүсүн «Регион» каналы жарыялады.

«Тажикстандын Исфара, Гүлистан шаарларына барып, алардын жетекчилери менен жолугуп келдим [...] Азыр комиссия түзүлөт. Комиссиянын курамында кыргыз тараптан Баткен облусунун губернатору, милициянын башчысы, УКМКнын төрагасынын орун басары, ИИМнин башчысынын орун басары кирет

Комиссия Кызыл-Бел чек ара бекетинде ишти баштады. Биз бардык жерлерге ок атууну токтотуу боюнча команда берип жатабыз. 1-2 саатта токтотобуз деп ойлом», — деп билдирди Ташиев, жарандарды тынчсызданбоого чакырып.

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы болсо 16-сентябрь саат 17:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турганын маалымдады.

«Жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз чек арачылары кагылышуу болгон аймактарда ок атууну токтотту. Тажик тараптан аткылоонун интенсивдүүлүгү кескин азайды, бирок чек аранын айрым жерлеринде тажик аскерлери маал-маалы менен Кыргызстандын позицияларын аткылап жатат», — деп белгилешти мекемеден.

Чек арадагы атышуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 14-сентябрда башталган. Анда Баткен облусунун үч аймагында Кыргызстан тарапка ок атылган.

15-сентябрь күнү УКМКнын Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөлүп жатканын, ал эми түн тынч өткөнүн билдиришкен.

Бирок 16-сентябрда тажик тарап чек аранын бардык аймактарындагы аскердик жана жарандык объектилерге кол салган. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгон. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууну көздөп жатканын айткан.

16-сентябрь саат 15:00гө карата атышуунун кесепетинен 42 кыргызстандык жарадар болгону белгилүү болгон. Ал эми Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кетип жатышат.

Ал арада активисттер Бишкектеги ак үйдүн алдына митинг уюштурушту. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарында Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды.

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтары куралдуу чырга бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тема боюнча:

УКМК: Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет кылып жатат

Кыргызстандын ТИМи чек арадагы ок атышуудан улам Тажикстанга нота жөнөттү