14-сентябрда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталганда «Клооптун» журналисттери окуяны чагылдыруу үчүн жерине барган. 16-сентябрда кырдаал курчуп, ок атышуу күчөгөндө алар жашоочулар менен кошо коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болушту. Алар тургундар баскан жолду басып, эвакуациядан сүрөт баян даярдашты.

15-сентябрь күнү Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал «салыштырмалуу туруктуу» деп мүнөздөп, ал эми түн тынч өткөнүн маалымдашкан.

Бирок 16-сентябрда чек арадагы абал курчуду. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын бардык аймагындагы аскердик жана жарандык объектилерге «кол салганын» билдирди. Тажик тарап оор аскердик техникаларды колдонгону белгиленди.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кагылышуулар Баткен районунун 11 жана Лейлек районунун 12 жеринде орун алды. Алардын дээрлик баары калк тыгыз отурукташкан конуштар жана чек ара тозоттору болду.

Көп өтпөй Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Тажикстан Кыргызстандын аймагын «басып алууну көздөп жатканын» кабарлады.

Чек арадагы атышуунун кесепетинен Баткен районундагы чек арага чектеш айылдардын жашоочулары үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга чыгып кете башташты.

Атышуунун кесепетинен Баткендеги айрым жолдор жабылып, унаалардын тыгыны пайда болду. Ал эми Ошту көздөй бет алгандар Сох өзбек анклавы аркылуу чыгарылды.

Түшкө чейин Баткен районунун Тажикстан менен чектеш ондон ашуун айылдарынын тургундары Баткен шаарына эвакуацияланды.

Түштө тажик тарап Баткен шаарынын борборун ракета менен аткылап, анын кесепетинен шаардагы жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланды. Ал эми шаарга чогулган эл Кадамжай району тарапка чыгып кетти.

Тажикстандын Сурх айылы менен кесилишкен жердеги Төрт-Көчөнүн күн батыш тарабындагы Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Боз, Таш-Тумшук, Ак-Сай айылдарынын тургундары Лейлек району тарапка ооду.

Кулунду, Максат, Интернационал, Оочу, Сада, Раззаков, Ак-Арык, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын миңдеген тургундары Сүлүктү жана Раззаков шаарларына эвакуацияланды.

Ал эми Арка, Достук, Жаштык, Борбордук, Бешкент айылдарынын тургундары тоо тарапка — Маргун айылына карай качты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Баткен облусунда жалпы 136 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Баткен районунун айрым айылдарында телефон байланышы үзгүлтүккө учурап, облус жетекчилиги аталган аймактан кабар ала албай калган учурлар болду.

Баткен районунан үйүн таштап кетүүгө аргасыз болгон тургундарды Кадамжай району, Ош облусунун тургундары үйлөрүнө киргизип, көмөк көрсөтүштү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен кеминде 24 адам каза таап, 121 киши жарадар болду.

Сүрөттөрдүн автору: Бекболсун Кайыпов, Айбийке Адилет кызы / «Клооп»

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология