Бир кадр менен: Чек-арадагы ок атышуудан улам баткендиктер коопсуз жайга кетишүүдө

16-сентябрь саат 16:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат. Чек ара кызматы ок атышуу уланып, тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатканын белгиледи.

Мындан улам миңдеген жергиликтүү тургундар коопсуз жайга кетүүгө аргасыз болушкан.

Сүрөт Сох районуна кире бериш жеринде тартылган. Сүрөт: Бекболсун Кайыпов, «Клооп»

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасынан 42 кыргызстандык жабыркаган. Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек ЖДПБда, 5 жабырлануучу Лейлек Жалпы дарыгерлик практика борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилди.