Кыргыз-тажик чек арасында эмне болуп жатат? Хронология

Бул тексттеги маалымат дагы такталып, жаңыланат. 

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кайрадан ок атылды. 14-сентябрда башталган конфликт 16-сентябрда курчуп кетти. Эки тарап ок атышууга бири-бирин айыптап жатат. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул аралыкта 59 адам жарадар болуп, 15 жашар кыз каза болгонун билдирди. Тажикстан жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жарыялай элек. «Клооп» куралдуу кагылышуунун хронологиясын топтоду.

14-сентябрь:

14-сентябрь эрте менен Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде курал колдонуу менен чыр-чатак катталган. Сүйлөшүүлөрдөн соң ок атышуу токтогон.

Тажикстандын ЖМКлары «14-сентябрь таңкы саат 07:15те кыргыз аскерлери «Кех» тажик заставасына миномёттон ок чыгарды» деп жазган.

14:00. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Достук» заставасын аткылаганын, ага кыргыз аскерлери жооп кайтарганын билдирген.

14:40. Ок атышуу токтогон.

15:08. Паскы-Арык, Как-Сай аймактарында Кайрадан ок атышуу башталган. Эки кыргыз жоокери жарадар болгон.

18:30. Абал чыңалуу бойдон калган. Беш киши — эки жоокер, үч жай тургун жарадар болгону расмий айтылган. Алардын бири 11 жаштагы бала.

15-сентябрь:

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы куралдуу жаңжал чыккан аймакка барган. Ал тажик тарапты «чагымчылдык кылды» деп айыптаган.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу деп бааланган. Кыргызстандын УКМКсы Тажикстанды «куралдуу агрессияга» айыптаган.

Тажикстан жаңжалдан жабыркагандар тууралуу расмий маалымат берген эмес. «Азия-Плюс» тажик басылмасы атышууда эки тажик аскери, 11 жай тургун жабыркаганын жазган.

16-сентябрь:

Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 07:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу экенин, тажик тарап таңкы алтыдан тартып Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз айылдарына топтолгон куралдан ок атканын билдирди. Ал эми «Көк-Таш» чек ара бекетине миномёттон ок атылган.

Тажикстандын УКМКсы болсо кыргыз тарап Согди облусунун Исфара жана Бободжонгафуров районундагы калктуу аймакка кол салды деп билдирген.

9:30га карата ок атышуу уланып, тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана миномётторду колдонуп жатканын айтылган. Атышуу чек ара тилкесинин бүткүл периметрине жайылган.

Тажик тарап өлкөнүн тышкы иштер министри Cироджиддин Мухриддин менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чек ара маселеси үчүн телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган.

10:00. Саламаттык сактоо министрлиги саат 10:00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына 11 жабырлануучу түшкөнүн билдирген. Облустук саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөн.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик тараптын «күтпөгөн жерден оор техника менен ок атып жатканын» «агрессия» деп атаган.

11:00. Тажикстандын Чек ара кызматы болсо кыргызстандык аскерлерди Исфарадагы турак үйлөрдү өрттөдү деп айыптаган.

Эки өлкөнүн УКМК төрагалары ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атышуу бир аз басаңдап жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулган. Жыйын жабык эшик артында өткөн.

Баткен — Ош жолу жабылып, Боз-Адыр ашуусунда узун жол тыгыны пайда болгон.

11:35. Бишкекте Ак үйдүн алдында митинг өтүп, чогулгандар Баткен облусундагы кырдаалга тынчсызданганын билдиришти. Митингчилер менен жолукканы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов чыкты.

Атышуулардан жабыркагандардын саны 18ге жетти. ӨКМдин күчтөрү тургундарды эвакуациялап баштады.

12:00. Кыргызстандын УКМКсы тажик тарап Кыргызстандын аймагын басып алуу үчүн оор аскердик техникаларды чек арага тартып келүүнү улантып жатканын билдирди.

Кыргызстандын ТИМи чек арадагы ок атышуудан улам Тажикстанга нота жөнөттү.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык аймактарында катуу кагылышуу болуп жатты. Чек ара кызматы тажик тарап брондолгон оор техника, ок атуунун көп ракеталык системасын (РСЗУ) жана авиацияны колдонгонун айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдан улам митингге чыккандардан 6 киши депуттар менен жолугуу үчүн Ак үйгө кирип кетишти.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Баткен облусунун чек арадагы ок атышуудан жабыркаган тургундарына жардам чогултуу жайы ачылды.

14:00. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгондордун саны 31ге жетти. Эвакуациялоо уланууда.

Чек ара кызматы тажик тарап оор техникадан тышкары тургундарды «тирүү калкан» катары колдонуп жатканын айтты.

Маалыматка ылайык, куралдуу кагылышууга тажик тараптан катышып жаткан кишилердин кийими түшүнүксүз жана Тажикстандын кандайдыр бир куралдуу түзүмүнө таандык экени белгисиз.

15:00. Чек ара жаңжалында жарадар болгондордун саны 42 адамга жетти

16:00дөн кийин

Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн атайын кызматтарынын басма сөз кызматы тең жазды.

17:00. Чек ара кызматынан саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турганын маалымдашты.

Чек ара кызматы тажик аскерлери Достук айылындагы мектепти басып алганын билдирди.

Ош шаардык мэриясынын алдына Баткен элин колдоо максатында гуманитардык жардам чогултула баштады. Тургундар бир саат аралыгында бир тоннага жакын ун, 580 литр өсүмдүк майы, 520 килограмм макарон алып келишти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Достук айылынын 15 жаштагы тургуну Элзада Маннанова каза болду. Өспүрүм Баткен районуна караштуу Достук айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу экени айтылды.

17:35. Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн топ Баткенге бармай болду. Алар аскер кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылбоого убада беришти.

Тажикстан менен Кыргызстандын президенттери чек арадагы куралдуу жаңжалды талкуулады.

Ош облустук кан борбору кыргыз-тажик чек-арасындагы куралдуу жаңжалда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кандын жана анын компоненттеринин запасы болушу үчүн өлкөнүн жарандарын акысыз кан тапшырууга чакырды.

18:00. УКМКнын Чек ара кызматы тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлады. Бул ирет Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарын аткылашты.

18:30. Кызыл жарым ай коому Баткендеги кооптуу аймактардан 14 миң жергиликтүү тургун эвакуацияланганын билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Тажикстандын омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Абдрахматова тажик кесиптешине бийликти ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

19:30. Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев чек ара тилкесиндеги тургундардын баары эвакуацияланганын билдирди.

20:00. Кыргыз-тажик чек арасында жарадарлардын саны 59га жетти.

ШКУ саммитинен кайтып келген президент Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.