Баткендин Ак-Сай айылында телефон байланышы үзгүлтүккө учурады

Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Ак-Сай айылында телефон байланышы үзгүлтүккө учурап, кабар ала албай жатканын билдирди.

Тулаев азыркы учурда Ак-Сай айылында Мегакомдун антеннасы талкаланып, Ходжаев орто мектеби тууралуу маалымат ала албай жатышканын белгиледи.

«Тилекке каршы соцтармактарга тажик тарап Ходжаев мектебине өздөрүнүн желегин илген маалымат тарап кетти. Бул чындык. Азыркы учурда Ак-Сай айылында байланыш жок болуп атат. Бизге келген акыркы маалымат боюнча 16 Мегакомдун антеннасы турган жерлер жабыркады. Байланыш начар. Ошол эле маалда 35 электр чубалгылары да талкаланды. Мындан улам биз мектеп тууралуу акыркы маалыматты ала албай жатабыз», — деди ал.

Буга чейин социалдык тармактарга Тажикстандын жарандары Ак-Сай айылындагы Ходжаев орто мектебин басып алып, өздөрүнүн байрагын илген видео тараган.

Видеодо «Мына Тажикстандын байрагы! Кыргыздын мектеби. Тажикстан алга!» — деп тажик тилинде кыйкырыктарды угууга болот.

Кыргызстандын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимов баштаган күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугуп, ок атууну токтотууну макулдашкан.

Ал арада эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашып, ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан.

Бирок УКМКнын Чек ара кызматынан саат 18:00го карата тажик тарап макулдашууну бузуп, кайрадан ок чыгарып жатканын кабарлаган. Ал эми саат 18:30га катара чек арадагы кырдаал чыңалуу бойдон экени малымдалган.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул жолу алар Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айылдарын аткыланган.