Абдикарим Алимбаев тажик тараптын ок атуусун «агрессия» катары баалады

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тажик тарап буга чейинки жетишилген макулдашууларга карабай, чек аранын бардык тилкелеринен «күтпөгөн жерден оор техника менен ок атып жатканын» айтты. Ал муну «агрессия» катары баалады.

Андан тышкары, тиешелүү жетекчилер тарабынан эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалганын белгиледи.

«Азыр ок атуулар токтой элек. Бирок тиешелүү жетекчилер, генерал Ташиев өзүнүк тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүү жүргүздү. Бүт тарапка ок атууну токтотуу тууралуу команда берилди, бирок ок атуулар токтой элек. Эгерде ок атуулар токтосо жолугушууларды бүгүн өткөрөбүз», — деди Алимбаев.

Ошондой эле Алимбев чек арага чектеш айылдардын жашоочулары коопсуз жерге көчүрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эвакуацияланчу тургундарды жайгаштыруучу жайларды даярдады.

«Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарын чыгарып жатабыз. Өздөрүнүн унаалары менен чыгып жатат, ӨКМдин жергиликтүү кызматы дагы чыгарып жатат. Азыркы кезде айылдарды эч кимди калтырбаганга аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле облус жетекчиси Кадамжай районундагы Развилка аймагына кетчү жол жабылганын белгилеп, уруксат берилмейин ошол тарапка барбай турууну эскертти.

«Эртең менен Ак-Турпактан келе жаткандагы Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылында тажик тараптан Лахкан деген айылдан ок атуу болду. Биз убактылуу ал жолду жаап койдук. Убактылуу элдерди өткөрбөй жатабыз. Ал эми Сох аймагында акимдер сүйлөшүп жатат. Ошко кетчү адамдар Сох анклавы менен кетсе болот», — деп кошумчалады облус башчысы.

16-сентябрда УКМКнын Чек ара кызматы мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге «чыккынчылык» менен кол салганын билдирген.

9:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон турат. Чек ара кызматы ок атышуу уланып, тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонуп жатканын белгилешкен.